Turmush — Каракол шаарында токтоп турган унааны Жети-Өгүз районуна айдап качып кеткен 25 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 23-август түнү Каракол шаарынын Алыбаков көчөсүндө жайгашкан чач тарачтын жанынан Ак-Суу районунун Жолголот айылынын тургуну К. уулу Кайратка таандык «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унааны белгисиз адамдар уурдап айдап качып кетишкен.
Облус боюнча атайын издөө операциясы жарыяланып, ар бир шаар-райондорго атайын посттор коюлган. Белгисиз кылмышкерди табуу боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.
Ыкчам издөө иш-чараларды уюштуруунун натыйжасында, бүгүн, 24-августта Жети-Өгүз райондук ЖККК бөлүмчөсүнүн улук инспектору, милициянын капитаны Самыйбек уулу Урматтын жетекчилиги алдында, автоунааны айдап качып кеткен кылмышкер табылган. Ал Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айлынын 1997-жылы туулган тургуну У. уулу Н. болгон. Уурдалган автоунаа менен Жети-Өгүз районунун аймагынан кармалып, Каракол ШИИБге өткөрүлүп берилди.
Азыркы учурда Каракол ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.