Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 03.02.2014 09:21

Саруу айылынын тургундары Каракол-Бөкөнбаев унаа жолун тосушту

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары Каракол-Бөкөнбаев унаа жолун тосушту, деп билдирет аймактык кабарчы.

Тургундардын айтымында, кечээ, 2-февралда укук коргоо органдарынын кызматкерлери 17 адамды штабда кармады, андан кийин лидерлердин бири Айбек Карыбаев кармалды. Кийинчерээк кармалган 17 адам бошотулуп, А.Карыбаев Бишкекке жөнөтүлдү.

Митингчилер билдиргендей, алар акырына чейин турушат. Чогулгундар мурункудай эле камактагылардын бардыгын, анын ичинде Э.Жунушбаев менен Б.Курмановду бошотууну талап кылышууда.

Жол 2-февралдан бери тосулуп турат. Кечээтен бери алар эки гана унааны — кош бойлуу аял жана оорулуу адамды алып бара жаткан унааларды гана өткөргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×