Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 30.01.2014 16:04

Караколдо ирригациялык түйүндөрдү оңдоого бюджеттен 3 млн сомдой бөлүнгөн

Turmush -  Караколдо өткөн жылы шаардык ирригациялык түйүндөрдү оңдоп-түзөөгө шаардык бюджеттен 3 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн, деп билдирди «Тазалык» коммуналдык ишканасынын директору Замир Бейшебаев.

Ал билдиргендей, бөлүнгөн акчага шаардын арыктары тазаланды, 129 арык көпүрөлөрү орнотулду, 111 төрт метрлүү асбоцементтен жасалган арык түтүктөрү алмаштырылды, чирип калган дарактар кесилди, тазалоо иштери жүргүзүлдү, шаар аймагы катуу түрүндөгү таштандылардан тазаланды, ошондой эле стихиялык таштандылар алынды.

Шаарды жакшыртуу боюнча иштер уланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×