Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 30.01.2014 15:45

Каракол шаарынын суу тазалоочу жайлары көл тарапка жантайтып курулган

Turmush -  Каракол шаарынын суу тазалоочу жайлары Ысык-Көлгө жантайта курулуп, экологиялык коркунуч алып келүүчү объектилерге кирет. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы С.Осмоналиев «Республика» фракциясынын көчмө жыйынында маалымдады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анын айтымында, суу топтоочу көлмө чала тазаланган саркынды суулар менен булганган. Сууга чөккөн калдыктардын жыйыла бергенинен улам көлмө толуп чыккан жана деңгээлинен ашып кетүү коркунучунда.

«Азия өнүгүү банкы Ысык-Көлдүн экономикалык-экологиялык тутумун туруктуу өнүктүрүү программасынын долбоорун ишке ашырууда көмөк көрсөтөөрүн тастыктады. Ал Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларынын жаратылышты коргоо инфраструктурасын модернизациялоо боюнча жумуштарды каржылоо жагын колдомокчу», - деп маалымдаган бөлүм башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×