Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 30.01.2014 12:08

Каракол шаарында уникалдуу аттракцион ачылды

Turmush -  Каракол шаарында 9D көгүлтүр аттракциону ачылып, чакан кинотеатрда көрүүчүлөр каармандар менен чогуу кооптуу жана коркунучтуу окуяны баштан кечиришет. Андыктан бул аттракционго бөбөктөр гана эмес чоңдор да кызыгып келишүүдө, деп билдирет аймактык кабарчы.

Аттракцион ээлеринин айтымында, бул 9D аттракционун Кытайдан алып келишкен. «Ал жаштар жана өспүрүмдөрдүн аң-сезимин жогорулатууга, көчөдө бош жүрбөй, мында келип кино көрүп, пайдалуу нерсе менен алектенип, жаман иштерден алаксыганга түрткү болот», деп эсептешет.

Уюштуруучулар караколдук ишкерлер жаштарга, өспүрүмдөргө пайда берүүчү жаңы нерселерди көбүрөөк алып келип турса, элдин, шаардын өнүгүп ,өсүүсүнө көп пайда болот, деп эсептешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×