Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 29.08.2014 15:14

Караколдун жашоочулары үчүн үчүн эл аралык цирк тартууланат

Turmush -  Караколдо 28-августтан 7-сентябрга чейин шаардын жашоочулары үчүн эл аралык цирк көрсөтүлөт. Бул тууралуу цирктин уюштуруучулары билдиришти.

Алардын айтуусунда, цирк буга чейин Чолпон-Ата шаарында тартууланып келген.

«Циркте клоундар, аба акробаттары, төөлөр жана аттар бар, алар цирктин баардык көрүүчүлөрү үчүн ар түрдүү номерлерди көрсөтүшөт», - деп билдиришти уюштуруучулар.

Ошондой эле, алардын айтуусунда циркке көбүнчө кичинекей балдар келгенди жакшы көрүшөт.

Мындан ары Шапито циркинин саякаты Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылына жана Талас облусуна баруу менен уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×