Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 29.08.2014 14:50

Ысык-Көлдө «Көз карандысыз жашоо» аталышындагы мүмкүнчүлүгү чектелген айымдардын жайкы мектеби өткөрүлдү

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында «Борбор Азиянын майыптыгы бар аялдарын колдоо» долбоорунун алкагында «Кюннюнс»(Босого» финляндиялык ассоциациясынын колдоосунда 23-30-августта «Көз карандысыз жашоо» жайкы мектеби өтүүдө. Бул тууралуу «Теңдик» майыптар Союзу» КБнын төрайымы Гүльмира Казакунова билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Аталган мектеп Борбор Азиянын беш өлкөсүнөн келишкен 25 кыз үчүн уюштурулган.

Маалыматта айтылгандай, жайкы мектептин алкагында майыптыгы бар кыздардын катышуусунда фотосессия өткөрүлүүдө.

Бүгүн «Дилорам» пансионатында «Айымдар, сулуулук, сүйүү» деген аталыштагы фото көргөзмө өтөт. Ошондой эле, адаттагы эмес кездемелерден тигилген кийимдерден мода көрсөтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×