Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 29.08.2014 11:53

Фоторепортаж - Караколдо 6 көчө капиталдык оңдоодон өтүүдө

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Нагима Айтматова, Алдашев, Шапак Баатыр, Ленин, Коенкөзөв көчөлөрү капиталдык оңдоодон өтүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

«Каракол шаардык жол» ишканасынын жетекчиси Замир Бейшебаевдин айтымында, жолдорду капиталдык оңдоодон өткөрүүгө Каракол шаарынын бюджетинен 45 млн сом бөлүнгөн. Ал эми калган каражат «Ысык-Көл» өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды.

«Ысык-Көл» өнүктүрүү фондунун эсебинен Нагима Айтматова көчөсүнө 10 млн сом, 970 метрлик Алдашев көчөсүнө 3 млн сом бөлүнүп, Коенкөзөв көчөсүнүн 845 метр аралыгы жасалууда.

Ал эми, Караколдун жергиликтүү бюджетинин эсебинен Шапак Баатыр көчөсүнө (1800 метр) 23 млн 85 миң сом, Ленин көчөсүнө (1691 метр) 21 млн сом бөлүндү.

Жалпысынан Каракол шаарында 200 чакырым жол бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×