Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 29.08.2014 11:08

Каракол шаарындагы «Жылуулук коммуналдык энергетика» ишканасы кышкы от жагуу мөөнөтүнө даяр

Turmush -  Каракол шаарындагы «Жылуулук коммуналдык энергетика» ишканасы кышкы от жагуу мөөнөтүнө даяр. Бул тууралуу жылуулук ишканасынан маалымдашкан, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, Каракол «Жылуулук коммуналдык энергетика» ишканасына 17 жылуулук түйүнү кирет. Алардын 16 көмүр менен бирөөсү электр энергиясы менен иштейт. Отканалардагы кышка карата оӊдоп түзөө иштери аяктап калды. Жылуулук түйүндөрүнүн баарысы кышкы мөөнөткө даяр. Жылуулук ишканасынын жолунун 600 метри оӊдолүп жатат. Анын 10 метр жери калды.

Жылуулук коммуналдык энергетика» ишканасына жалпысынан 10 миӊ тонна көмүр керектелет.

«Учурда 2000 тоннага жана 1,5 миӊ тоннага тендер жарыяланып, иш макулдашылган. Азырынча көмүр келе элек. Ишкананын кампаларында азыркы мезгилде 600 тонна көмүр бар», -деп маалымдашкан аталган ишканынын жетекчилиги.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×