Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 29.08.2014 10:47

Ооган согушунун ардагерлери Ак-Суу балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен жолугушту

Turmush -  Ооган согушунун ардагерлери Ысык-Көл жээгиндеги лагерлерин биринде эс алып жаткан Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы балдар үйүнүн тарбиялануучулары менен жолугушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, ардагерлер балдардын эс алуу шарты менен таанышып, аларга каалоо-тилектери менен бирге белектерин тапшырышты.

Ооган согушунун ардагерлеринин балдарга 20 миӊ сомдук белек жана таттууларды алып келип беришти.

Белгилей кетсек, Ак-Суу балдар үйүндө 84 өспүрүм тарбияланат. Алардын ичинен 40 бала жайкы каникулда лагерде эс алууну каалаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×