Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 29.08.2014 10:11

Каракол шаарында такси кызматы 10 сомго кымбаттады

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында такси кызматы 10 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Айдоочулардын айтымында, шаардагы бардык жеке жүргүнчү ташыган айдоочулар сүйлөшүп, жол акысын 10 сомго көтөрүштү.

«Алгач элге айтып, жергиликтүү тургундар аркылуу жарнама бердик. Өзүңөр ойлосоңор, күйүүчү майдын басы 44 сом болуп атса, ал эми кызмат баасы 60 сом. Биз шаар ичинде жол акысын 100 сомго чейин көтөрүүгө акыбыз жок. Ал үчүн шаардык мэрия менен сүйлөшүшүбүз керек. Ал эми 10 сомго көтөрүүгө акыбыз бар», - дейт айдоочулар.

Белгилей кетсек, Каракол шаарынын ичине такси кызматынын басы 70 сом, ал эми чет жактарга 80 сом болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×