Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 28.08.2014 15:53

Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылында бир нече жылдан бери таза суу жок, - IDEA CA

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылында бир нече жылдан бери таза суу жок. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Орто Азиядагы дебаттардын эл аралык билим берүү ассоциациясынын (IDEA CA) медиакоординатору Айзада Токтогулова билдирди.

Маалым болгондой, Григорьевка айылынын тургундары 20 жылдан бери таза суунун жетишсиздигинен улам жабыр тартып келишет. Суу түтүктөрүнөн киргил суу агып, аны менен кир жууганга да болбойт. Айрымдар аны фильтрациядан өткөрүп, тундуруп же кайнатып, тазалаганга аракет кылышат. Медицина кызматкерлеринин айтымында, челекке сууну тундуруу майнапсыз, анткени ал ыктымалдуу инфекциялардан коргобойт.

«Сууну хлор менен тазалоо керек. Бирок тийиштүү кызматтар бул ишти колго албай келишет. Андыктан альтернатива иретинде сууну кайнатууга болот. Бирок ал үчүн электр энергиясы колдонулгандыктан, сууну тазалоонун бул жолу кымбатка түшөт», - дейт медицина кызматкерлери.

Кыргызстандагы таза суу көйгөйлөрүн изилдеген «Коомдук Анализ Институту» коомдук бирикмесинин директору Рита Карасартованын айтымында, Григорьевка айылындагы каптаждык системаны калыбына келтирүү менен абалдан чыкса болмок. Бул система аркылуу жер астындагы суулар дренаждык системанын негизинде тазаланып турат.

«Суу менен камсыз кылуу системасы чирип, айрым жерлеринде суу агып жаткандыктан аны толугу менен алмаштыруу өтө эле кымбат долбоор болот», - дейт Р.Карасартова.

Белгилей кетсек, Григорьевка айылындагы каптаждык системалар Советтер Союзу учурунда орнотулуп, анын фильтлери убакыттын өтүшү менен кирдеп кеткен. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында аны калыбана келтирүүгө каражат жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×