Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 28.08.2014 14:12

Караколдо ислам окутуу борборлору жетишсиз, - облустук казы А.Сагындыков

Turmush -  Каракол шаарында билим берүүчү бир медресе, ислам окутуу борборунан бирөө гана кездешет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Ысык-Көл облустук мусулмандар казысы А.Сагындыков билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө шаарда ислам динин окутуу жайлар жетишсиз.

Мындан улам Каракол шаарынын имамдары окутуу борборлорду ачуу үчүн демөөрчүлөргө кайрылышат.

Облустун казысы билдиргендей, медресеге 9-класстан жогоркулар бара алышат. Ал эми ислам окутуу борборлоруна каалаган жарандар барууга укуктуу.

«Мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнбөгөндүктөн демөөрчүлөргө кайрылабыз», дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×