Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 28.08.2014 12:07

Каракол шаарынын кичи райондоруна трансфарматорлор орнотулат (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын 4 кичи районуна шаардык бюджетинен 3 млн 800 миң сом бөлүнгөн. Анын негизинде трансфарматорлор орнотулууда. Бул туралуу «Тазалык» ишканасынын экономисти Алмаз Абдыкеев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

А.Абдыкеевдин айтымында, учурда трансфарматорлордн тирөөчтөрү алынып келинди.

«118 устун алып келдик. 250 вольттук 2 трансформатор орнотулат. Андан сырткары электр чубалмаларды, керектүү шаймандарын алабыз», - дейт ал.

Ал эми Каракол шаарынын вице-мэри Көлбай Карасартовдун айтымында, трансформаторлор орнотулчу жери казылып, иштер башталды.

18

19

17

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×