Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 28.08.2014 11:35

Караколдо электр энергиясын үнөмдүү колдонгон 185 светодиоддуу лампалар орнотулууда

Turmush -  Каракол шаарынын борбордук көчөлөрүндө 185 светодиоддуу лампалар орнотулууда. Бул туралуу «Тазалык» ишканасынын экономист адиси Алмаз Абдыкеев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

А.Абдыкеевдин айтымында, алар 50 вольттук болуп эсептелинет. Жалпысынан жергилктүү бюджеттен 1 даанасы 5 миң 110 сомго алынды.

«Азыр борбордук көчөлөрүндө коюудабыз. Анан ал жердеги эски лампаларды чыгарып, аларды шаардын чет жерине коебуз. Жаңы орнотулуп жаткан лампалар электр энергиясын үнөөмдү колдонот», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×