Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 28.08.2014 09:56

Ысык-Көл районунда куурап калган теректер кыйылып, аз камсыз үй-бүлөлөргө отун катары берилет (фоторепортаж)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда куурап калган теректер кыйылууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Ысык-Көл райадминистрациясы маалымдагандай, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата райондо ар тараптуу даярдыктар көрүлүп, учурда ат майданы курулуп жатат. Ошондой эле, инженердик иштер менен катар унаа жолдору оңдолуп, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иш-чаралары өтүүдө. Жалпысынан райондун инфраструктурасын оңдоо иштери жүрүүдө.

Маалым болгондой, уруксат берүүчү документтердин жана көрктөндүрүү, санитардык тазалоо иш-чараларынын негизинде Рапапорт кыябанындагы (аллея) кургап калган бактар кыйылууда.

«Бактарды кыюу иштери Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин көзөмөлү астында белгиленген графиктин негизинде аткарылууда. Жалпысынан 178 куураган бак кыйылат. Учурда алардын 50%ы алынды», - деп билдирет жергиликтүү бийлик өкүлдөрү.

Кошумчалай кетсек, кыйылган бактар Ысык-Көл районун Бостери айылындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө кыш мезгилине отун катары берилет.

Белгилей кетсек, ал теректер 1930-жылдары тигилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×