Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 27.08.2014 17:37

Биз жолдордун оңдоп-түзөө иштерине чоң басым жасап жатабыз, - Караколдун мэри Р.Калыгулов

Turmush -  Биз жолдордун оңдоп-түзөө иштерине чоң басым жасап жатабыз. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов билдирди.

Анын айтуусунда, былтыркы жылы 3,5 чакырым унаа жолунда капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн, ошондой эле бул жылы Коенкозов, Алдашев жана башка көчөлөрдө ремонт иштери жүргүзүлүп жатат.

«Кийинки жылы шаардагы Генерал Кутманалиев жана К.Карасаев атындагы көчөлөрдө оңдоп-түзөө иштерин жасоо пландалып жатат. Сметалык баасы 100 млн жана 120 млн сомду түзөт», - деди мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×