Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 27.08.2014 17:03

Караколдо жеке турак-үйлөргө суу эсептегичтерин орнотуу пландалууда

Turmush -  2016-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы бардык үйлөр жана батирлерге суу эсептегичтери коюлушу мүмкүн. Бул тууралуу «Сууканал» коммуналдык ишканасынын директору Сыбыр Өмүрканов билдирди.

Анын айтымында, швейцариялык долбоордун негизинде жана Евразия өнүктүрүү банкынын жардамы менен эски суу түтүктөрүн алмаштыруу, жаңы конуштарга суу киргизүү, унаа жуучу жайларга, мончолорго жана ресторандарга суу эсептегичин коюу иштери жүргүзүлдү.

Маалым болгондой, экинчи швейцариялык долбоордун негизинде бардык шарадагы жеке турак-үйлөргө суу эсептегичтерин орнотуу күтүлүүдө.

«Караколдо короо-жай тилкесин сугаруу максатында таза сууну колдонгон бир топ жеке турак-үйлөр бар. Эгер суу эсептегичи орнотулса, таза сууну колдонуу азаят», - деп билдирди ишкананын директору.

Кошумчалай кетсек, эгер долбоор ишке ашса, 2015-жылдан баштап суу эсептегичтери орнотула баштайт.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×