Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 27.08.2014 14:10

Караколдогу мончолорго, унаа жуучу жайларга жана чоң ресторандарга 110 суу эсептегичтер орнотулду, - «Сууканал» ишканасы

Turmush -  Каракол шаарындагы мончолорго, унаа жуучу жайларга жана чоң ресторандарга 110 суу эсептегичтер орнотулду. Бул тууралуу Каракол шаарынын жаңы конуштарынын бирине болгон пресс-турда «Сууканал» коммуналдык ишканасынын директору С.Өмүрканов билдирди.

Анын айтымында, Швейцариялык долбоор боюнча коммуналдык ишкана суу көп колдонулган уюмдардын имаратына суу эсептегичтерди орнотушту.

«Биз шаардын баардык унаа жуучу жайларына жана мончолоруна суу эсептегичтерди орноттук. Орнотуу бекер жүргүзүлдү. Эгерде алар буга чейин суу үчүн 2 миң сом төлөшсө, анда азыр суу эсептегичтер боюнча 5 миң сомго жакын төлөшөт», - деди ал.

Ошондой эле, ресторандардын жана унаа жуучу жайлардын кээ бир жетекчилери суу эсептегичтерди орнотууга каршы чыгышты.

«Бизде мэриянын токтому бар болчу, анда эгерде орнотууга уруксаат берилбесе, анда биз сууну өчүрүүгө аргасыз болобуз деп жазылган», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×