Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 27.08.2014 13:17

Фото - Каракол шаарынын Саякбай манасчы жаңы конушуна суу түтүктөрү киргизилди

Turmush -  Каракол шаарынын Саякбай манасчы жаңы конушуна суу түтүктөрү киргизилди. Бул тууралуу «Сууканал» коммуналдык ишканасынын директору Сабыр Өмүрканов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө «Сууканал» ишканасы шаардын Саякбай манасчы жана аэропорт жаңы конуштарына суу түтүктөрүн киргизүүдө.

Тендер бир аз мурун жүргүзүлүп, аны «Жумгал суу курулуш» жеке ишканасы утуп алган.

«Жергиликтүү бюджеттен 2 млн 800 миң сом бөлүнгөн. 718 метр суу түтүктөрүн киргизиш керек, бүгүнкү күндө 525 метр киргизилди. Андан ары 500 метрге жакын суу түтүктөрү аэропорт жаңы конушуна киргизилет», - деди ал.

Бүгүнкү күндө Саякбай манасчы жаңы конушуна 50 турак үй курулган, жаңы конуш 200 короого ылайыкташылган.

16

19

18

20

22

21

23

24

2517

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×