Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусу 27.08.2014 11:43

Ысык-Көлдө «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында актриса Ж.Сейдакматова балдарга адабий китеп окуп берди

Turmush -  Ысык-Көл облусунда «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында Түп айылынын бала бакчаларында белгилүү актриса Жамал Сейдакматова балдарга адабий китеп окуп берди. Бул тууралуу Түп райадминистрациясынан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алардын маалыматында, аталган иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова, райадминистация жетекчилиги, облустук, райондук китепканалардын башчылары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү актриса Жамал Сейдакматова балдарга китеп окуп берди.

Уюштуруучулардын айтымында, балдарга китеп окуу иш-чарасы жаш бөбөктөрдүн ынтымакта болуусун, коомдо өзүн алып жүрүүсүн, билим алуусун жакшыртуу максатын көздөйт.

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун демилгечиси Р. Отунбаева балдарга китеп окууну үй-бүлөдөн, бала бакчадан баштоо керектигин белгиледи. «Балдарга кичинесинен китеп окутуп үйрөткүлө деп ата-энелерге айтып жатабыз. Чет мамлекеттерде президенттер, министрлер бала бакчаларга барып китеп окуп беришет. Эмне үчүн болбосун, бизде да ошондой кылсак?», - дейт экс-президент.

Түп райондук китепканасы ЮНИСЕФтин колдоосу менен «Үй-бүлөлүк китеп окуу бурчу» долбоору менен иштешүүдө. Алар өздөрүнүн ишинде ата-энелерге кеӊешчи болуп, балдарга китеп окууну уюштуруу жагын колго алышкан. Өздөрү уюштурган куурчак театрында балдарга спектаклдерди көргөзүп турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×