Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 27.08.2014 11:38

Балыкчы шаарында Баткен окуясынын 15 жылдыгы белгиленди

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Баткен окуясынын 15-жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Балыкчы шаардык мэриясынан билдиришкен деп, маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарында Баткен окуясынын катышуучулары, жергиликтүү бийлик, коомчулук Баткен коогалаӊынын 15 жылдыгын белгилешти.

Чогулгандар шаардын борборундагы гүл бакчадагы эстеликке гүл чамбырларды коюшту. Курман болгон жоокерлердин арбагына багыштап куран окулду. Баткен согушунун ардагерлери ошол кездеги окуяларды, курман болгон жолдошторун эскеришти.

Иш-чара шаардык маданият үйүндө уланып, согуштун ардагерлерине грамоталар, сыйлыктар тапшырылды.

Ардагерлер Баткен согушунун катышуучуларына каралуучу жеӊилдиктер, алардын укугу, милдеттери тууралуу документ даярдап, Жогорку Кеӊешке кайрылуу жөнөткөнү тууралуу сөз кылышты.

Алар сентябрь айында ЖК депутаттары сессияда карап, алардын көйгөйлөрүн чечип беришет деген ишенимин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×