Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 27.08.2014 12:25

Караколдогу Пржевальск атындагы мектепте 3 млн сомго имараттын сыртына оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы Пржевальск атындагы №2 мектепте 3 млн сомго имараттын сыртына оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, жаңы пластик терезелер орнотулду.

Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Ысык-Көл облусу боюнча пресс-тур учурунда Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов билдирди.

Анын айтуусунда, Стим гранты боюнча 3 млн сом бөлүнгөн жана дагы 10% жергиликтүү бюджеттен каржыланган.

Ошондой эле, шаардын 3 мектебинде брусчатка орнотууга шаардын бюджетинен 2 млн сом бөлүнгөн.

«Бизде шаарда брусчатка чыгара турган цех бар, ошондуктан кВ метр брусчатканы орнотуу 400 сомдон айланды», - деди ал.

4

6

8

5

11

7

10

12

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×