Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 27.08.2014 11:01

Ысык-Көл биосфералык аймагы дирекциясы жаратылышты, жаныбарларды, жапайы жемиштерди сактоого чакырган жарнактарды орнотууда

Turmush -  Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы көрнөк–жарнактар аркылуу жаратылышты сактоого үндөйт. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук биосфералык аймагынын дирекциясы маалымдады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Дирекция калктуу пункттарга кире берген жол боюнда жаратылышты, жапайы жаныбарларды, жапайы өскөн мөмө-жемиштерди сактоого чакырган көрнөк жарнактарды орнотушууда. Ысык-Көлдүн түндүгүндөгү жол каттамында Бугунун сүрөтү тартылган көрнөк илинип коюлган.

Бугу Ысык-Көлдө сейрек кездешүүчү жаныбарлардан. Ал көлдүктөр үчүн ыйык жаныбар деп эсептелет, деп белгилейт дирекция.

Биосфералык аймактын адистеринин айтымында, көрнөк–жарнактар аркылуу үгүттөө жаштарды, келечек муундарды жаратылышты коргоого, аны сүйүүгө үйрөтөт. Ошол максатта Тоӊ районунун Ак-Өлөӊ айылына кире бериште илбирстин сүрөтүн, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жапайы мөмө-жемиштердин сүрөттөрү илинип коюлган.

«Биз ушундай иш-аракеттер аркылуу жаратылышты сактоого чакырууну туура көрдүк», - дешет экологдор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×