Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 26.08.2014 17:16

Түп районунда арпа жана буудай түшүмүн жыйноо үчүн 116 комбайн иштеп жатат

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунда буудай чабуу иштерине 116 комбайн тартылган. Бул тууралуу акимдин биринчи орун басары Руслан Тюпеев билдирди.

Анын айтуусунда, райондо жалпысынан 22 миң 834 гектар жерге буудай себилген, анын 3 миң 836 гектары жыйналды.

Арпа боюнча 4 миң 967 гектар жерден жыйналып, 4 миң 788 гектар жер калган.

«Жалпысынан район боюнча 116 комбайн иштеп жатат, 16сы башка облустан келгендер. Буудайдын түшүмдүүлүгү бир гектардан 15 центнерди түзөт, арпанын түшүмдүүлүгү 16-17 центнерди түзөт. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу бир аз азыраак», - деди акимдин биринчи орун басары.

Ошондой эле, анын маалыматы боюнча бул жылы 4 миң 377 гектар жерге картошка себилген.

Түп районунда буудай жана арпанын түшүмүн жыйноо 15-августта башталган жана сентябрдын аягында жыйынтыкталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×