Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 26.08.2014 16:00

Караколдо эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө 30,3 миң сом каралды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эгемендүүлүктүн 23-жылдыгын белгилөө үчүн Каракол шаардык бюджетинен 30 миң 300 сом каралды. Бул тууралуу Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Г. Орозованын айтымында, иш-чаранын жүрүшү шаардын 145 жана Ысык-Кѳл обласынын 75 жылдыгына, мамлекетти бекемдѳѳ жылына да арналмакчы. «Программанын негизинде Каракол шаарынын мекемелери арасында кѳргѳзмѳ уюштурулат. Мунун ичине жогорку жана орто окуу жайлар, мектептер да кирет. Окуучулар ѳздѳрүнүн сүрѳт кѳргѳзмѳсүн уюштурушат. Ал эми иш-чаранын расмий түрдѳ ачылышы театралдаштырылган кѳрсѳтмѳ менен башталат. Мындан сырткары, программада улуттук спорттук оюндар да камтылат»,- дейт вице- мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×