Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 26.08.2014 14:08

Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын Байжигит жаңы конушуна ичүүчү суу киргизилет

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын Байжигит жаңы конушуна ичүүчү суу киргизилет. Бул тууралуу Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы Тимур Айылчиев билдирди.

Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө жаңы конушта 100гө жакын үй бар, алар азыркыга чейин таза суу алууга мүмкүнчүлүк алышкан эмес.

«Биз Швейцари өкмөтү каржылап жаткан саясат өнүктүрүү Институтунун долбоорун утуп алганбыз. Алар бизге 1 млн сом бөлүп беришүүдө, өзүбүз жергиликтүү бюджеттен 2 млн сом кошобуз», - деди ал.

Маалым болгондой, узундугу 3 чакырым болгон суу түтүктөрү Байжигит жаңы конушуна колонка системасында киргизилет.

Байжигит жаңы конушу Бостери айылынын түндүк-батышында жайгашкан, анда 100гө жакын үйлөр курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×