Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 26.08.2014 13:56

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында борбордук көчөнүн 3,5 чакырым аралыгында чуңкурларды оңдоо иштери жүргүзүлөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Бостери айылында борбордук көчөнүн 3,5 чакырым аралыгында чуңкурларды оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы Тимур Айылчиев билдирди.

Ал белгилегендей, жолдордун чуңкурларын оңдоо иштери айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан пансионаттардын көмөктөшүүсү менен жүргүзүлөт.

«Биз пансионаттардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдүк, алар борбордук көчөлөрдү оңдоого көмөктөшөт», - деди ал.

Болжолдук сметалык баа №7 жол эксплуатациялык ишкана тарабынан түзүлгөн. Чуңкурларды оңдоп-түзөөгө 3,5 млн сомго жакын каражат кетет.

Ушундай эле оңдоп түзөө иштери Каралаев, Бокоев атындагы көчөлөрдө дагы жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×