Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 26.08.2014 12:59

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу Ысык-Көлгө туристтердин агымы күтүлүүдө, - Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы Тимур Айылчиев

Turmush -  Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө байланыштуу Ысык-Көл облусуна туристтердин агымы күтүлүүдө. Бул тууралуу Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы Тимур Айылчиев билдирди.

Ал белгилегендей, аталган оюндар ат майданында жана «Рух Ордо» тарыхый-этнографиялык комплексинде өтүп, келгиндердин көп болору күтүлүүдө.

Ошондой эле, жай мезгилинде айыл өкмөттөрүнүн башчылары, раймамадминистрация жана Чолпон-Ата шаардык мэриясынын кызматкерлери Ысык-Көл облусунда жайгашкан эс алуу үйлөрүнүн жетекчилери менен жолугушту.

«Жолугушууда туристтерге дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу маалымат берилип, алар сентябрь айына кайра чакырылгандыктары маалым болду», - деп билдирди Т.Айылчиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×