Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 26.08.2014 11:59

Тамчы айылынын тургундары айылды көрктөндүрүүгө жооптуу жаштар кеңешинин ишмердүүлүгүнө нааразы

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Тамчы айылынын тургундары жергиликтүү жаштар кеңешинин ишмердүүлүгүнө нааразы. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тамчы айылында айылды көрктөндүрүү боюнча атайын жаштар кеңеши түзүлгөн.

Жергиликтүү элдин айтымында, кеңештин өкүлдөрү кафе, боз үй, скутер, катамаран, күндөн корголоочу чатыр жана батуттарды ижарага алгандардан салык чогултуу менен гана алек.

Аны менен катар, көлдүн жээгинде тамак-аш, суусундук саткандарга да салык салышат.

Айылдын тургундары билдиргендей, кафе жана боз үйлөрдү 1 сезонго ижарага алуу 10 миң сомго жетет.

Ошондой эле, катамарандардын ээлери 250 сом төлөп, күндөн корголоочу чатыр үчүн 200 сом, тамак-аш жана суусундук саткандардан 1 миң сомго жакын салык алынат.

Жаштар кеңешинин өкүлдөрү маалымдагандай, чогултулган каражат толугу менен айылды көрктөндүрүүгө жумшалат, бирок элет эли анын натыйжасын көрбөй келет.

Белгилей кетсек, учурда Тамчы айылында көлдүн жээгинде 100гө жакын адам кафе жана боз үйлөрдү, 50 чамалуу адам катамарандарды, 100дөй адам көл жээгиндеги чатырларды ижарага алып иштетишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×