Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 26.08.2014 11:29

Ысык-Көл облусунда ажылык сапарга баруучуларга окутуулар жүргүзүлүүдө

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жакынкы аралыкта ажылыкка чыкканда адам ѳзүн кандай алып жүрүүсү керектиги тууралуу 3 ирээт окутуу ѳткѳрүлгѳн. Ушул тапта дагы бир жолу түшүндүрүү ишитери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ысык-Кѳл облустук мусулмандар казысы Алмазбек Сагындыков билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

А. Сагындыковдун айтымында, ажыга бара турган жарандарга атайы китепчелер таратылып берилди.

«Кээ бирѳѳ кандай барып келишти билбейт же алыс жакка чыккандан коркушат. Ажылыкта ѳзүнүн аткара турган шарттары, саналуу кана күндѳрү бар. Ошол күндѳрдү тура эмес аткарып калбаш үчүн, калып калбаш үчүн, негизги милдеттер үйрѳтүлѳт. Ѳзүн алып жүрүү боюнча Бишкектен китептерге буйрутма берип, сапарга бара тургандрга таратылып берилди», - дейт казы.

«Ал эми алыска бара турган жарандардын үй-бүлѳлүк шарты тууралуу маалыматтар такталды», -деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, Ысык-Кѳл облусу боюнча 111киши ажылыкка барат.

Тема боюнча: Ысык-Көл облусу боюнча 111 адам ажылык сапарга барат, - казы А.Сагындыков

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×