Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 25.08.2014 15:11

Каракол шаарында 31-августтагы иш-чаралардын программасы

Turmush -  Каракол шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, эгемендүүлүк күнүнө карата арналган иш-чара Каракол шаарынын башкы аянтында өтөт.

Иш-чара эртең мененки саат 10:00дө башталат, 11:00гө чейин эгемендүүлүк күнүнө Каракол шаарынын 145 жылдыгына, облустун 75 жылдыгына жана КР мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына арналган ккөргөзмө уюштурулат.

Көргөзмөгө баардык уюмдар, ишканалар жана мамлекеттик мекемелер катышат. Андан кийин саат 11:00дон 11:15ке чейин иш-чаранын расмий ачылышы өтөт. Театралдаштырылган көрсөтүү коюлат.

Саат 11:15тен 11:30га чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаев, Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов жана Каракол шаардык кеңешинин төрагасы Улан Турсунбаев жарандарды жана шаардын жашоочуларын Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт.

Саат 11:30дан тарта 12:00га чейин концерттик программа коюлат.

Ал эми саат 12:00дон саат 14:00гө чейин иш-чара расмий жабылып, улуттук оюндардын башталышы болот.

Ошондой эле, ошол эле күнү А.С.Пушкин атындагы шаардык сейил багында баардык аттракциондор иштешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×