Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 25.08.2014 14:54

Ысык-Көл облусунун чет жакаларында кара тумоо оорусун алдын алуу максатында 50 миң гектер жерге дуст чачуу иш-чарасы жүргүзүлдү

Turmush -  Ысык-Көл облусунун чет жакаларында Караколдук карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар бөлүмү тарабынан 50 миң гектер жерге дуст чачуу иш-чарасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу Караколдук карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Равшан Маймулов билдирди.

Анын айтымында, 5-августтан 25-августка чейин Ысык-Көл облусунун чет жакаларында, Оттук, Кашка-Суу, Олжобай жана башка өзөндөрдө аталган бөлүмдүн 25 кызматкери суур ийиндерине дуст чачышты.

«15 тонна дустту тоого жеткирүү албетте оңой эмес. Бирок, башкысы чет жакасындагы суур ийиндери тазаланды, бул биринчи кезекте кара тумоонун жана башка оорулардын чыгышына каршы болот», - деди ал.

Ошондой эле ал, облустун чет жакаларына чыккан жарандардын ден-соолугун сактоо максатында жазында 1,5 миң адам кара тумоого каршы эмдөөдөн өтүшкөндүгүн билдирди.

Кийинки жылы карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар бөлүүнүн кызматкерлери суур ийиндерине дуст себишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×