Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 25.08.2014 13:04

Ысык-Көлдүн Тилекмат айылында спорт аянтчасы курулууда

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылында спорт аянтчасы курулууда. Бул тууралуу Жети-Өгүз районундагы Ак-Дөбө айыл аймагынан билдиришкен, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Жети-Өгүз районундагы Тилекмат айылындагы спорт аянтчасы Кумтөр компаниясынын көмөгү менен салынып жатат. Аталган объектиге 1 миллион 950 миң сом акча бөлүнгөн. Жергиликтүү бийлик кол күчүнөн жардам көрсөтүүдө..

Аймактагы Ак-Дөбө жана Аң-Өстөн айылдарында учурда механикалык сейил бакты калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Кумтөр компаниясы бул ишке материалдык ири колдоо көрсөттү. Ал эми айылдык бюджеттен 300 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×