Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 25.08.2014 11:19

Караколдогу жергиликтүү кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашырууга чет элдик туристтер 50 миң доллар курмандык кылышты

Turmush -  Чет элдик туристтер Караколдогу жергиликтүү кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашырууга 50 миң доллар курмандык кылышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрү дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүнөн келген туристтер өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кичи залында маалымат жыйын өткөрүштү.

Маалымат жыйынга Австралиядан, Улуу Британиядан, Ирландия, Канада жана Жаңы Зеландиядан 6 өз ыктыярчылар катышышты. Алар Ак-Суу районунун Алтын-Арашан капчыгайына маалыматтуулукту жогорулатуу жана Каракол шаарынын коомуна жардам берүүгө каражат тартуу үчүн жүрүш уюштурушкан.

Алар Roots&Wings кайрымдуулук фонду менен кеңейтилген өнөктөштүк жана Хью Колтер менен Джин баштаган кайрымдуулук иштерин колдоо үчүн 50 миң доллардан көп каражат топтошкон.

«Roots&Wings аталышы уюмдун миссиясын ишке ашыруу болуп эсептелинет. Roots (тамыры) коомчулуктун аз камсыз болгон калкынын социалдык өнүгүүсү, саламаттыкты сактоо жана билим берүүсү үчүн жардам берүү дегенди билдирет. Wings (канат) баардык мүмкүнчүлүктөр үчүн шарт түзүү жана аны ишке ашыруу үчүн керектүү каражаттарга жетүү мүмкнчүлүгү. Качан гана тамыр жана канат бирге өссө адамдар өздөрүнүн дараметин толугу менен ишке ашыра алат жана коомчулук жакырчылыктан кутула алат», - деп билдирди маалымат жыйындын катышуучусу.

Эми бул моделге ылайык, аталган фонд жергиликтүү лидерлер жана ишкерлер менен биргеликте калктын аз камсыз болгон катмары үчүн көп жумушчу орундарын түзүү үчүн чакан бизнести өнүтүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө аракет кылышууда.

Караколдогу Roots&Wings өнөктүгү Сонун Тельтаева чет элдик адамдар менен жолугушууда Каракол шаарындагы чакан жана орто бизнестин өнүгүшү үчүн каражат беришкендиктерин жана алар тарабынан бөлүнгөн каражат кайсыл жакка багытталып жаткандыгы тууралуу айтып беришти.

«Биздин аймактагы жакырчылыкты жоюуга жана жумушчу орундарын түзүүгө биздин тажрыйба абдан пайдалуу болоруна ишенем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×