Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 25.08.2014 10:36

Ысык-Көл облусунун Барсоон айылында биринчи жолу төө буурчак өстүрүлүүдө

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында биринчи жолу төө буурчак өстүрүп жатышат. Бул тууралуу Барскоон айыл округунун башчысы Руслан Эшмамбетов билдирди.

Анын айтуусунда, 20 гектар жер «Махмуд Кашкари Барскауни» муниципалдык ишканага тийиштүү, анда былтыркы жылдан тарта өрүк, алма жана алмуруттун көчөттөрүн отургузуу менен алектенишет.

«Былтыркы жылы 3,5 миң түп абрикостун эки түрү отургузулган. Бул жылы 4 гектар жерге алмурут жана алма отургузулду. Бирок, муниципалдык ишкананын дагы бир өзгөчөлүгү сатуу үчүн 6 гектар жерге төө буурчактын отургузулушу», - дейт ал.

Ошондой эле, анын айтуусунда, киинки жылдан тарта абрикостун бактары өз түшүмдөрүн берип башташат, андан түшкөн каражат жергиликтүү бюджеттин казынасына түшөт.

«20 гектар жердин аймагы жакынкы аралыкта бекитилет. Ошондуктан, биз өнүктүрүү фондунан 2 млн сом судда иретинде сурап жатабыз. Мындай жол менен биз биздин айылдын көптөгөн көйгөйлөрүн чечип алабыз», - деди ал.

Эми алган түшүмдөн түшкөн кирешелер Барсоон айылынынын социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн жергиликтүү бюджетке түшөт.

Учурда айылда 7 миң 650 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×