Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 23.08.2014 12:22

Ысык-Көлдө Казакстан, Орусиядан келген ардагер милиция кызматкерлеринин катышуусунда унаа жүрүш өтөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 25-29- август күндөрү өз милдетин аткаруу учурунда курман болгон Ысык-Көл ОИИБнын кызматкерлеринин жаркын элесине арналган унаа жүрүш болот. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Ысык-Көл ОИИБнан маалымдалгандай, аталган акция коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө курман болгон кесиптештерди эскерүү менен аларга сый-урмат көрсөтүү иретинде уюштурулууда.

Маалым болгондой, иш-чарага Казакстан, Орусия жана Кыргызстандын ардагер милиция кызматкерлери катышат.

Унаа жүрүш учурунда катышуучулар Ысык-Көл көлүн айланып, район, шаарлардын ички иштер бөлүмдөрүндө болушат.

Ошондой эле, кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлерин эскерүү менен бирге аларга арнап, тактага гүл коюу аземи болот.

Мындан тышкары, ардагер милиция кызматкерлери менен курман болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнүн жолугушуулары күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×