Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу 22.08.2014 11:03

Ысык-Көлдө коомдук ишмер И.Касендеевдин 75 жылдыгына жана Мамлекеттүүлүк жылына карата өткөн спартакианын жеңүүчүлөрү сыйланды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда болуп өткөн кесиптик-техникалык билим берүү тармагында эмгектенген инженер-кызматкерлер арасындагы республикалык спартакиаданын жыйынтыктары чыгып, жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Аталган спартакиада Ысык-Кол районуна караштуу Кош-Көл айылындагы №85 кесиптик лицейинин базасында мамлекеттик коомдук ишмер И.К.Касендеевдин 75 жылдыгына жана 2014-жыл Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата уюштурулуган.

Бул иш-чараны кесиптик техникалык билим берүү агенттигинин алдындагы республикалык дене-тарбия жана спорт боюнча «Эмгек резерви» борбору уюштурган. Республикалык спартакиаданын жыйынтыгында облустардын арасынын Ысык-Көл облусу биринчи орунду ээлеп, экинчи орунду Жалал-Абад облусу жана үчүнчү орунга Талас облусу ээ болгон.

Кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Капитагаевдин атынан республикалык спартакиададанын уюштуруучуларына ыраазычылык баракчасы тапшырылды жана жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×