Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусу 21.08.2014 12:20

Ысык-Көл облусунда Жеригиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө арналган жыйын өтүүдө (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имартында бүгүн, 21-августта Жеригиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү ишмердүүлүгүнө арналган жыйын өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга Жеригиликтүү өзүн өзү башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Михаил Халитов, аталган агенттиктин жооптуу кызматкерлери Айгүл Ахмедова, Анарбай Капаров, Султан Бакасов жана агенттиктин облустагы өкүлү Замир Турдукеев, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп райондук мамлекеттик администрацияларынын башчыларынын орун басарлары, райондук кошмо жыйналыштардын төрагалары, айылдык аймактардын башчылары жана айылдык кеңештердин төрагалары катышууда. 

Жыйында жеригиликтүүмаанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, биргеликте тыгыз иш алып баруунун жол-жоболору, жеригиликтүу өзүн өзү башкаруу боюнча мыйзамдардын аткарылышы жана андагы өзгөртүүлөр талкууланууда.

Изображение 004

Изображение 005

Изображение 006

 

 

Изображение 007

Изображение 008

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×