Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ысык-Көл облусу 21.08.2014 11:10

Ысык-Көл облусуна таштанды полигонун куруу боюнча «Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун жетекчилиги эки долбоор сунуш кылды

Turmush -  «Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун жетекчилиги Ысык-Көл облусуна таштанды полигонун курууу боюнча эки долбоорун сунуш кылду, деп билдирет аймактык кабарчы. Анын биринчиси «Көзөмөлдөөчү полигон».

«Көзөмөлдөөчү полигон» ал баардык тарабынан курчалган таштанды полигону болуп эсептелинет. Полигондун аймагына баардык тиешелүү курулмаларды алып келишет жана баардык керектүү техникалар болот.

«Ал жерде чоң чуңкур казылып, баардык таштандылар топтолот. Андан кийин таштандыларды калыбына келтирүү жана көмүү боюнча иштер башталат», дейт «Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Сапарбек Өмүракунов.

Полигондун курулушу боюнча долбоордун экинчи варианты катары «Санитардык-техникалык полигон» болду.

«Санитардык-техникалык полигон» - бул «көзөмөлдөөчү полигон» сыяктуу эле, ал жакта ошондой эле тосмолор кулуруп, баардык тиешелүү курулмалар жана техникалар көрсөтүлөт. Биринчи варианттан айырмачылыгы — бул жогорку бышык чел кабыгы, ал жалпы таштандыны чыгарууда котловандын тереңдигин жабат.

«Мындай чел кабык курч таштандылардын жер кыртышына түшүүгө жана айлана чөйрөнү массалык булгоого жол бербейт»,- деди С.Өмүракунов.

Шаардык жашоочулардын жана шаардык структуралардын катышуусунда өткөн угууда курулуштун варианттарын тандоодо пикирлер ар түрдүү болду. Жергиликтүү жашоочулар таштанды үчүн аз каражат төлөө үчүн гана биринчи вариантты тандашты, анда Санитардык экпидемиологиялык станциясы жана башка структуралар «санитардык техникалык полигон» баардык санитардык жана экологиялык нормаларга дал келе тургандыктан экинчи вариантты тандашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×