Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 20.08.2014 18:34

Kyrgyzmadaniyat.kg фестивалы Ысык-Көлдө улантылып, чет мамлекеттердеги мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик программанын долбоору талкууланат

Turmush -  «Манас айылы» улуттук этномаданий комплексинде кечээ, 19-авугстта Kyrgyzmadaniyat.kg фестивалынын алкагында гала-концерт өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты — кыргыз маданиятын пропагандалоо менен мекедештердин диаспораларына колдоо көрсөтүү, деп маалымдайт уюштуруучулар.

Гала-концерттин алкагында кыргыздын ар бир этномаданий бирикмеси Кыргызстандын калкы менен алыскы өлкөлөрдөгү мекендештерди бириктире турган фактор болгон маданиятты белгилеген номурларды көрсөтүштү.

Фестивалдын аягында бир мамлекеттен башка өлкөгө жетип, чет мамлекеттерде жашаган мекендештер тарабынан толтурулган «Каалоолордун эстелик китеби» өлкө жетекчиси А.Атамбаевге КР президенттик Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Д.Ирсалиев аркылуу берилди.

Сынактардын катышуучулары Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы жана ар кандай белектер менен сыйланышты.

Кошумчалай кетсек, аталган иш-чарага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, Жогорку Кенештин депутаты Ыргал Кыдыралиева, маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч жана башкалар катышты.

Фестиваль 20-22-август күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде улантылып, Консолидация жана чет мамлекеттерде жашаган мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик программанын долбоору талкууланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×