Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 20.08.2014 17:14

Караколдо тиричилик таштанды, тазалоочу курулма жана канализация системасын башкаруу көйгөйү талкууланды

Turmush -  Караколдо «Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жашоочулардын катышуусунда коомдук жыйын өттү, анда катуу тиричилик таштандыларды, тазалоочу курулмалар жана канализация системалар башкармалыгынын көйгөйлөрүн талкуулашты.

«Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун 2-Фазасынын алкагында Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларында тиричилик таштандыларды башкаруу кырдаалын түп тамырынан жакшыртуу пландалууда, ошондой эле баардык үч шаар боюнча тазалоочу курулмаларды толук калыбына келтирүү жана Чолпон-Ата шаарындагы канализациялык тармагын толук калыбына келтирүү пландалууда.

Долбоордун өкүлдөрү билдиришкендей, булардын баардыгы боюнча Каракол шаарынын жашоочулары кенен коомчулук менен кеңешме өткөрүү максатында уюштурулган атайын чогулуштарда таанышышты.

Иш-чаранын демилгечиси катары испаниялык компаниянын курамындагы ишкана «Ептиса» жана анын кыргызстандык өнөктөрү: 2- Фаза технико-экономикалык негизди иштеп чыгуу менен алектенген «РАМ Инженеринг» жана «Промпроект» компаниялары. Негизинен шаардын таштанды таштоочу көйгөйлөрү жөнүндө кеп болгон.

Атайын чогулушта жашоочуларга заманбап таштанды иштетүүнүн түрлөрү жөнүндө айтып беришти. Алар өздөрүнүн пикирлерин атайын иштелип чыккан анкеталарда билдиришти.

Социалогиялык маселелер боюнча адис Александр Грушевский белгилегендей, долборлуу шаарлардын калкы менен кеңешме өткөрүү — үзгүлтүксүз процесс болуп эсептелинет.

2-Фаза долбоору тууралуу калкка маалымат берүүнү телеберүү, газета жана Интернет аркылуу маалымат берүү болжолдонууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×