Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусу 20.08.2014 15:34

Ысык-Көл облусунда жаңы таштанды полигонун куруу пландалууда

Turmush -  Ысык-Көл облусунда бардык экологиялык стандарттарга ылайык келе турган жаңы таштанды полигонун куруу пландалууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган полигондун курулушу «Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ишке ашууда.  
Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей, учурда катуу калдыктарды жөнгө салуу боюнча 2 вариант сунушталып, ар биринин кемчиликтери жана артыкчылыктары белгиленди.
Адистердин айтымында, биринчи «көзөмөлдөнүүчү полигон» техникалык көрсөткүчтөрү боюнча экинчи заманбап «санитардык-техникалык полигондон» кем калат. Бирок ал экинчисине караганда азыраак каражат талап кылат. Аны менен катар таштанды үчүн калктан салык чогултуунун тарифинин азыраак жогорулашына шарт түзөт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×