Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 20.08.2014 15:33

Түп районунун Күрмөнтү айылындагы мектептин мугалимдери, мурунку директордун кайра келишине нааразы болуп, жумушка чыгуудан баш тартышууда

Turmush -  Түп районунун Күрмөнтү айылындагы орто мектептин эмгек жамааты жумушка чыгуудан баш тартышууда. Бул тууралуу Turmush басылмасына мектептин мугалимдери билдиришти. Алардын айтуусунда, мугалимдер мектепте 10 жылдан бери мектептин директору болгон жетекчи менен иштөөдөн баш тартышууда.

«Мектептин эмгек жамааты 59 адамдан турат, алардын 51 директор Өмүрбек Тониевге каршы чыгышууда, ал соттун чечими менен кайрадан бизге директор катары келгиси келип жатат. Буга чейин 10 жыл биздин Жээнбай Муканбаев атыдагы мектепте иштеп келген, андан кийин 11 жыл райондук бөлүмдө жетекчи болуп иштеген. Эми ал кайрадан кара ниети менен келип, мугалимдерди бир короо койлорго окшошуп калыптырсыңар деп кордоп айтууда», - деп билдиришти мектептин эмгек жамааты.

2012-жылдын башында ал соттун чечими менен ишке кайрадан келген, бирок, бир жылдан кийин жамаат арыздануу жолу менен аны кызматтан алышкан. Эми мурунку жетекчи өзүнүн ишине кайтып келүүдө.

«Ал азыркы президенттин адамдарын репрессияга жөнөтүү керек деп эсептейт. Мектепте анын жубайы, баласы иштеген. Аялы канча саат алгысы келсе, ошончо алып иштечү, ал эми баласы лаборант, мугалим, кайтаруучу катары дагы иштеген. Кааласа сабак өтчү, каалабаса өтпөй кетип калышчу. Мунун натыйжасында биз анын келишине каршы болуудабыз», - дешти алар.

Бүгүнкү күндө мектепте 800гө жакын окуучу бар, эгерде мугалимдердин курамы аталган маселе чечилмейинче иштөөдөн баш тартса, анда сентябрда окуу жылы жылдагыдан кеч башталышы мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×