Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу 20.08.2014 15:15

Ысык-Көл облусундагы 3 шаарда гендердик маселе боюнча атайын семинар өттү

Turmush -  Ысык-Көл облусунун 3 шаарында атайын семинар-жолугушуу өтүп, 20дан ашуун аялдарга арналган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү «Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун гендердик планын ишке ашырууда суу менен камсыздоо жана санитария тармагында аялдардын кызыкчылыгы жана укуктары боюнча кененирээк маалымат беришти.

Аны менен катар семинардын катышуучулары долбоордук шаарлардын инфраструктурасы, суу менен камсыздалуусу жана тазалыгына багытталган иш-чаралар, мэриянын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу тууралуу кабардар болушту.

Көрсөтмө иш-чаралары иретинде эне жана 5 жашка чейинки балдар үчүн кооптуу ичеги инфекциялары боюнча өткөрүлгөн маалыматтык акциядан мисал келтирилди.

Ошондой эле, шаардагы баштапкы класстардын мугалимдери санитария жана гигиена боюнча гендердик багытта окутулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×