Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу 20.08.2014 15:13

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду кийинки жылы фонддун каражатын киреше алып келе турган иштерге жумшайт

Turmush -  Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду кийинки жылы киреше алып келе турган иштерге каражат жумшайт. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун жетекчиси Руслан Элебесов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кумтөрдөн түшкөн фонддун көптөгөн каражаттары социалдык объекттердин курулушуна багытталууда.

«Учурда Ысык-Көл облусунун көптөгөн айыл, шаарларында, райондук борборлорунда мектептерди, ФАПтарды курдук. Мектептердин имараты боюнча маселелер чечилди. Эми келээрки жылы киреше алып келе турган иштерге басым жасайбыз», -деди ал.

Киреше алып келе турган иштерге Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы канаттуулар фермасы мисал боло алат, учурда ал жакта 1,5 миң тоок бар, алар күнүнө 1,5 миң жумуртка беришет.

«Продукцияны өндүрүштөн түшкөн каражат жергиликтүү бюджетке түшөт. Бул аталган жердеги көйгөйдү чечет. Мындай сыяктуу долбоорлорду биз келээрки жылы ишке ашырабыз, бул фонддун 50% каражатын дал ушундай иштерге багыттайбыз», - дейт Р.Элебесов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×