Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 20.08.2014 12:42

Ак-Суу районунун Ак-Булак айылында жыл башынан бери өткөн жыйында 36 токтом кабыл алынган

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булак айылында жыл башынан бери өткөн сессияларда 36 ар кандай багыттагы токтомдор кабыл алынып, сырттан келген тиешелүү иш кагаздарынын бардыгына жооп берилип, каралуучу маселелердин бири дагы жоопсуз калган эмес. Бул тууралуу Ак-Суу району боюнча айылдык депутаттарынын кошмо жыйынынын төрагасы Талгат Мукалаев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын айтымында Ак-Булак айылында калк менен иштөө жакшы жолго коюлган. Аталган айыл аймагы 4 айылды камтып, анда 21 айылдык депутат бар.

Ак-Булак айыл аймагынын тургуну Төлөндү Баялиев аттуу ишкер 500 тооктук чакан фермасын түзгөн. Анын продукциясы кардарларга арзан баада сатылууда. Нан бышыруучу цехтин иши дагы мактоого арзырлык. Ал эми коомдук профилактикалык имаратындагы жаштардын, аялдардын, аксакалдардын бөлмөлөрү кылдат жасалгалоодон өткөрүлүп, айыл-айылдардагы көйгөйлүү иштер талкууланып турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×