Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 20.08.2014 12:34

Түп районунун Талды-Суу айылдык бала бакчасынын чатыры оңдолду

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Талды-Суу айылдык бала бакчасынын чатыры оңдолду. Бул тууралуу Талды-Суу айылдык бала бакчасынын башчысы Бактыгүл Бектурсунова билдирди.

Анын айтымында, аталган бала бакчанын чатыры эскирип, шиферинен суу өтө баштаган. «Бул өткөн кылымдын 70-жылдарында курулган мектептин имараты. «Мерсико» эл аралык уюмуна долбоор жазып, колдоо таптык. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду да 220 миӊ сом бөлүп берди. Учурда бала бакчанын чатыры жабылып бүткөрүлүп, майда жумуштар гана калды», - деди Б.Бектурсунова.

Белгилей кетсек, бала бакчанын чатырын жабууга жалпысынан 400 миӊ сом каражат сарпталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×