Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 20.08.2014 11:11

Тоң районунда түшүм начар болуусу күтүлүүдө, - аким Б.Рыспаев

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң райондунда быйылкы жылы мөңгүлөрдүн кеч ээриши менен сугат маселесинде бир топ көйгөйлөр жаралды. Натыйжада күзгү түшүмдүүлүктүн начар болуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Тоң районунун акими Бакыт Рыспаев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Б. Рыспаевдин айтымында, түшүмдүүлүк 13-15 центнер болушу күтүлүүдө. «Негизи Тоң районунда башка райондорго салыштырмалуу күзгү талаа жумуштары кеч башталат. Түшүмдүүлүк орточо эсеп менен 13-15 центнерге жетиши мүмкүн. Былтыркы жылга салыштырганда быйыл 6-7 центнер аз болушу мүмкүн. Бул сугат суусунун аз болгондугунан жана жаздын кеч келишинен болуп жатат»,- дейт аким.

Тоң районунда жалпы 9 айыл аймагы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×