Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 19.08.2014 15:50

Чолпон-Ата шаарында II-эл аралык «Салбуурун» фестивалы өтөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 3-7-сентябрь күндөрү II-эл аралык «Салбуурун» фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алардын маалыматында, фестиваль Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюнунун алкагында өтөт. Фестивалга 30га жакын өлкөлөрдүн бүркүтчүлөр клубдары жана ассоциациялары катышат.

Алар: Катар, Араб Эмираты , Сауд Арабиясы, Египет, Алжир, Тунис, Марокко, Индонезия, Таиланд, Вьетнам, Япония, Китай, Пакистан, Монголия, Корея,, Турция, Украина, Грузия, Азербайжан, Германия, Ирландия, Казахстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана башкалар.

Фестивалдын максаты элдердин достугун чыӊдоо жана ошондой эле, куш салуу сыяктуу улуттук мурасты сактап калууда бүркүтчүлөр клубдарынын кызматташтыгына колдоо көрсөтүү болуп эсептелинет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×